Биз менен байланышыңыз

Бакытжан Сагинтаев Казакстандын мамлекеттик катчысы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 632 | 0

Бакытжан Сагинтаев Казакстандын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө президенти Нурсултан Назарбаев кол койду. Бул тууралуу Ак ордонун расмий сайтына жарыяланды.

Бакытжан Сагинтаев 21-февралда премьер-министрлик кызматтан алынган. Учурда казак өкмөтүн Аскар Мамин башкарууда.

Сагинтаев 2016-жылдын сентябрь айынан бери Казакстандын жаңы премьер-министри болуп келди. Ал 56 жашта. Ал Жамбыл облусунда акимдин орун басары, Казакстанда жеке бизнести колдоо боюнча агенттиктин төрагасынын орун басары болгон. «Жеке ишкердикти колдоо фонду» ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.

Ошондой эле Павлодар облусунун акими, аймактык өнүктүрүү жана экономикалык өнүгүү жана соода министрликтерин жетектеген. «Нур Отан» партиясынын төрагасынын биринчи орун басары болгон. Өкмөт башчынын биринчи орун басары, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, андан кийин премьер-министр болгон.

Copyright © 2017 Maral FM