Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бишкек ЖЭБиндеги чырга парламентти күнөөлөө логикага сыйбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2019 | 595 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз “Марал” радиосуна берген маегинде Бишкек ЖЭБиндеги чырга парламентти күнөөлөө логикага сыйбай турганын билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш келишимдерди ратификациядан өткөрүп, долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берет. Ал эми жасалган жумуштарга аткаруу быйлыгы жооп бериши керек.

«Депутаттарда бирден жардамчылары бар. Алардын арасында ЖЭБди модернизация долбооруна кетчү каражат туура бөлүнгөнүн эсептеп чыга турган бухгалтер же экономистттер жок. Парламент долбоордун коомчулукка пайдалуулугун карайбыз. Эгер пайдасы болсо анда колдоп берип, ишти андан ары өнүктүрүү үчүн аткаруу бийлигине тапшырат. Өкмөттө Фининсы министрлиги, Экономика министрлиги бар. Андагы акылдуу адамдар баарын эсептеп чыгып, далилдеген соң гана документке кол коюшу үчүн өкмөт башчыга бериши керек. Эгер ЖКны ЖЭБди модернизациялоого уруксат берген орган катары жоопкерчиликке тарта турган босок, парламент «бизге мындай укукту эл алып берди, шайлоодо тандашты» десе, анда калк күнөлүү болуп калабы?» — дейт Садык Шер-Нияз.

Ал мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен жакшы мамиледе болгонун жана жаш кадр катары андан көп үмүттөрдү артканын айтып, соңку окуяларга ишене албай турганын белгилейт.

Эске салсак, Сапар Исаковго карата Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаал боюнча «коррупция» беренеси менен айып тагылып, камакка алынган. Исаков бул окуяда саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM