Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз: КТРКнын директорлугуна президент айткан адам шайланат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2019 | 660 | 0

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлугуна президент айткан адам шайланат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештен, президент жана жарандык коом тарабынан көрсөтүлөт. Бирок парламентте көбүнчө президентке жакын коалиция отурат. Алар адамдар дагы автоматтык түрдө президенттин адамдары болуп калат. Мындан улам КТРКнын байкоочу кеңештин мүчөлөрүн көрсөтүүчүлөрдүн 50% президенттин адамдары болот. Балким биздин коом адилеттүү, демократиялык каналга ээ болууга даяр эмес», — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-февралда КТРКнын Байкоочу Кеңеши каналдын башкы директорлук кызматына талапкерлер менен кезектеги аңгемелешүү сынагын өткөрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM