Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз: президентти мактагандар сыйлык алып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2019 | 734 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз “Марал” радиосуна берген маегинде көпчүлүк учурда президентти мактагандар сыйлык алып жатканын билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында бийликке лоялдуу саясатчылар, Атамбаевдин жеке санжырасын жазган тарыхчылар, аны ар дайым колдоп турган адамдар жогорку сыйлыктарга көрсөтүлгөн.

“Дагы жакшы футболдун арты менен Аскар Салымбековду эстешип “Манас” орденин беришти. Салымбековго буга чейин көк бөрүнү өнүктүргөнү үчүн да берсе болмок. Баатырлар 60 эмес, 30-40 жашында да да баатыр боло алат. Биз сыйлыктарды адамдардын мүнөзүнө эмес, эмгегине карап берсек”, — дейт депутат.

Белгилей кетсек, депутат 20-февралда мамлекеттик сыйлыктар менен наамдар чынында маданиятты, илимди көтөргөндөргө эмес, жетекчилердин тилин тапкандарга берилип жатканын билдирген.

Эл өкүлү мамлекеттик жогорку сыйлыктар акыркы кезде саясатчыларга көп ыйгарылып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM