Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (сүрөт)

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 872 | 0

Мамлекеттик сыйлыктар сиздерге дем жана кийинки муун өкүлдөрүнө Мекенге ак кызмат кылуунун мыкты өрнөгү болсун. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-интеллектуалдык өзгөрүүлөр менен өнүгүүнүн сап башында турган Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин кылымга тете эрдиктерин баалоо чоң сыймык экенин белгиледи.

Анын айтымында, мамлекетибиздин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу — өтө маанилүү тарыхый окуя.

«30 жылдык эгемендиктин башаты XX кылымдын соңуна барып такалса, ошол XX кылымдын башында кыргыз мамлекеттүүлүгү жок болуп кетүү коркунучуна кептелген. Кыргыз эли — ырыс-кешиктүү эл. Мына ошол ырыстуу элдин маңдайына жок болуп кетүү коркунучунан сактап, мамлекеттүүлүгүбүздүн жаңы доордун шартында түптөлүшүнө, калыптанышына жана өнүгүшүнө Жусуп Абдрахманов сындуу бир катар улут көсөмдөрү жазылыптыр. Журт бактысына жаралган мыктыларыбызды ошол кездеги бийлик ар кандай жалган жалаалар менен ак жеринен күнөөлөп, өлүм жазасын беришкени кадимки тарыхта жазылуу.

Анткен менен уюткулуу элибиздин уучу кур болбой, улам жаңы, чыгаан урпактары менен толукталып турган. Алардын бири Улуу Ата Мекендик согушта Берлинди алганга чейинки кан майданды башынан өткөрүп, Рейхстагды алуудагы эрдиги аңыз кепке айланган, андан кийин мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарын татыктуу басып өтүп, өз кезегинде Өкмөт башчылыкка чейин жеткен мамлекеттик ишмер Акматбек Сүйүмбаев», — деди Президент.

Ошондой эле Президент коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө алдыңкы катарда болуп, күн-түн дебей бейтаптарды ажалдан арачалап калган медицина кызматкерлеринин кескипкөйлүгүн жогору баалады.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чарадагы өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө, илим-билим тармагына олуттуу салым кошкон, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери менен айырмаланган мекендештерибизди белгиледи. Бул инсандар айыл чарбасында, жол тармагында, спорт мектептеринде, жеке ишкерликте талбай иштеп, таман акы, маңдай тер менен ак кызмат кылып келе жатышат.

Ошону менен катар, Садыр Жапаров мекендештерибиздин адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы жетишкендиктерин белгиледи. Президенттин айтымында, алардын тынымсыз иш-аракеттеринин аркасында Кыргызстан укук коргоо жаатындагы ишмердиги менен бир топ мамлекеттерден айырмаланып турат.

Ал мамлекетке жумушчу орундарын түзүүдө жардам берген ишкерлердин, айыл чарба, өнөр жай, туризм тармактарында иш алпарган жарандарыбызды өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, ишкерлер дагы аймактардын өнүгүүсүнө салмактуу салым кошууда.

Copyright © 2017 Maral FM