Биз менен байланышыңыз

Бүгүн президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 698 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 20-январда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин  өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Жаңы жылдын алдында — 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган.

Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.

Сылык тапшыруу 11:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM