Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз көп болгону үчүн өлкөбүз өнүгүүдө

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 760 | 1

«Эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз арбын болгону үчүн өлкөбүз өнүгүп, өсүүдө», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-январда, мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде.

«Экономиканы көтөрүү, элдин жашоо-шартын оӊдоо — негизги милдетибиз бойдон кала берет. Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн сиздердей эмгекчил жарандарыбыз, мекенчил жаштарыбыз көп болушу зарыл. Ийгиликтин ээси болуу үчүн журтубуздун биримдигинин, улуттар аралык ынтымактын сакталышы — эң башкы зарыл фактор. Сиздердей эмгек адамдарынын жардамы — мамлекет үчүн чоң мааниге ээ» ,- деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент эл арасында абийир таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө мыкты салым кошуп жаткан мекендештерине сыйлык тапшырып жатканына кубанычта экендигин билдирди.

Сөзүн жыйынтыктап жатып өлкө башчысы сыйлык ээлерин мамлекеттик сыйлык жана жогорку наамдары менен куттуктап, бекем ден-соолук, ийгиликтерди каалады.

1 пикир

1 пикир

  1. Сапар

    21.01.2020 16:20

    Өлкөнүн өнүккөнү 1 жылда 220000 кыргызстандык сыртка мигратсияга чынып кеткеоиби. Жеенбеков муну сыймыктаным айтып атабы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM