Биз менен байланышыңыз

Президент эмгеги сиңген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 644 | 0

«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!» Мындай сөздү Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде сыйлыкка ээ болгондорду куттуктап жатып айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкө башчысы эл үчүн жасаган эмгек ар дайым элдин эсинде, урпактардын сезиминде, тарыхтын барактарында каларын баса белгилеп, буга Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовдун өмүрүн, басып өткөн жолун, Мекенге арнаган эмгегин, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымын мисал келтирди. Бүгүнкүнүн жетекчилерин Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовдой болуу үчүн умтулууга чакырды.

Төрөбай Кулатовго жана Султан Ибраимовго ыйгарылган өлкөбүздүн эң жогорку сыйлыгы — Кыргыз Республикасынын Баатыры бийик наамын жана Ак шумкар орденин алардын балдарына тапшырды.

Бүгүн Кыргызстандын маданият, адабият, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, өнөр жай, коопсуздук жана башка тармактарына опол тоодой эмгек сиңирген белгилүү инсандар III, II, I даражадагы Манас ордени, Достук ордени, Даңк медалы, Эрдик медалы, Президенттин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Арасында Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон чет элдик инсандар да бар.

Copyright © 2017 Maral FM