Биз менен байланышыңыз

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 495 | 0

Бүгүн, 19-сентябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, кесибинде, өнөрүндө өзгөчөлөнө алган бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго көзү өткөндөн кийин «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси жана «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлык тапшырууга алардын балдарынын катышары күтүлүүдө.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш ж. б. тармактын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылат.

Сыйлык алуучулардын арасында чет элдик жарандар дагы бар.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка эгемендиктин 28 жылдыгына карата кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM