Биз менен байланышыңыз

Жылкыбаев: Кара-суулуктардын Путинге кайрылуусу — саясий оюн

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2019 | 781 | 0

Кара-Суу районунун тургундары орус лидери Владимир Путинге кайрылуусу — саясий оюн. Аны шоу кылуунун кажети жок. Мындай пикирин өкмөтүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу районунун жашоочуларынын Путинге кайрылуусу туура эмес. Бул окуянын артында аны саясий оюнга айлантып жаткан адамдар бар.

«Ар бир айыл өкмөттүн үстүнөн арызданышат. Кээ бир аймактарда айрым аксакалдар жашыраак кызматкерди иштеп кетүүсүнө бут тосуп, тоскоолдук кылып жатышат», — дейт Жылкыбаев.

Кошумчаласак, буга чейин айрым маалыматтык сайттар Кара-Суунун жашоочулары орус президентине жардам сурап кайрылганы боюнча маалымат тараган.

Copyright © 2017 Maral FM