Биз менен байланышыңыз

АКШ менен Түндүк Корея кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 866 | 0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) лидери Ким Чен Ындын жекеме-жеке жолугушуусу аяктап, тараптардын кеңини курамдагы сүйлөшүүлөрү башталды.

РИА новости жазгандай, жекеме-жеке форматтагы жолугушуу 40 мүнөткө созулган.

Мурдараак Трамп менен Ким Чен Ын эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан Sofitel Legend Metropole мейманканасынын короосуна кирип, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо менен маектешкен.

Жолугушууну чагылдыруу эл аралык пресс-борбордо жүргүзүлүүдө.

Ханоеде АКШ-КЭДР экинчи күндөгү саммити өтүп жатат. Кечээ 27-февралда эки өлкө лидерлери Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жекеме-жеке форматта жолугушуусу өтүп, андан кийин чогуу кечки тамак уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM