Биз менен байланышыңыз

Пакистан Индиянын эки аскердик учагын атып түшүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 804 | 0

Пакистандын аба күчтөрү өзүнүн аба аймагын бузуп киргени үчүн индиялык эки аскердик учакты атып түшүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Ал эми Индия Пакистандын Кашмирде жайгашкан аскердик лагерине чабуул жасаганын жарыялады.

Эске салсак, эки апта мурун Кашмирдин Индияга караган бөлүгүндө ири теракт орун алып, 47 индиялык аскер набыт болгон. Кылмыштын жоопкерчилигин Кашмирдин толугу менен Пакистанга өтүүсү үчүн күрөшкөн «Жайшуль Мухаммед» тобу мойнуна алган. Террористтерге колдоо көрсөтүү кинеси менен Индия Пакистанга бир катар санкцияларды киригизип, эки өлкө ортосундагы дипломатия токтотулду.

Адистер кырдаал тез арада жөнгө салынбаса, аймак үчүн кооптуу болорун, анткени эки өлкөнүн тең өзөктүк куралга ээ экенин эскертишүүдө.

Кошумчаласак, коңшулардын ортосундагы тиреш 1947-жылы Индия Англиядан эгемендигин алып, Пкистандын да мамлекет катары түптөлгөн жылынан башталат. Андан бери алардын ортосунда 1947- жана 1965-жылы эки согуш болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM