Биз менен байланышыңыз

Ак боз ат минген Ким Чен Ын Пектусан тоосунда

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 1598 | 0

Түндүк Кореянын ЦТАК мамлекеттик маалыматтык агентсвосу Ким Чен Ындын аялынын жана бир канча аскер башчыларынын коштоосунда корейлер ыйык деп эсептеген, этегинен ак кар кетпеген Пектусан тоосунун түбүндө ак боз аттарды чаап бараткан сүрөттөрүн жарыялады.

ЦТАКтын билдирүүсүнө караганда, түндүк корей лидери “революциялык кармаш болгон жерлерди” зыярат кылып, андан кийин тоого чыгууну чечкен. Мунусу менен “империалисттерге сес көрсөтүп», түндүк корей элин чыйралууга үндөгөн.

Ким мындай атчан сейилдөөсүн октябрь айында эле кылган болчу.

Ал эми бул жолу түндүк корей жетекчиси өлкө жарандарына ар дайым Пектусан тоосунун духунда алга гана жылып, иштеп жана жашашы керектигин эскертти.

-Бул өзгөчө империалисттер жана тап душмандары биздин партиябыздын идеологиялык, революциялык жана таптык позицияларын талкалаганга аракет кылып жаткан учурда абдан маанилүү, — деди.

АКШ менен Түндүк Кореянын өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрү туңгуюкка барып такалды. Пхеньян сүйлөшүүлөргө кайра кайтып келиш үчүн АКШны жаңы талаптарга көнүүгө мажбурлап жатат.

Түндүк Корея АКШдан жылдын аягына чейин “душмандык саясат” жүргүзбөөнү талап кылып, эгер ал аткарылбай турган болсо, “жаңы чыйыр» менен башкача жолго бара турганын айтып коркутту.

Вашингтон болсо, санкцияларды алуу тууралуу сөз козгоодон мурун, Пхеньян өзөктүк арсеналынын маанилүү бөлүгүнөн арылышы керектигин эскертти.

Эксперттердин айтымында, америкалыктар түндүк кореялыктардын көңүлүн жай кыла турган жаңы сунуштарына макул болбойт.

Шейшемби күнү Трамп Ким Чен Ынды өзөктүк куралдардан арылууга чакырды.

-Бүгүнкү күнү дүйнөдө биздин аскердик күчүбүз эң кубаттуу. Дүйнөдө буга чейин мынчалык күчтүү армия болгон эмес. Ушунчалык күчтү колдонууга мажбур кылбагыла! — деп билдирди Трамп.

Copyright © 2017 Maral FM