Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея: Түндүк Корея согуштук максатта уран байытууну улантууда

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 655 | 0

Түндүк Корея согуштук максатта уран байытууну улантып жатат. Мындай кабарды Yonhap агенттиги Түштүк Кореянын улуттук чалгындоо кызматынын маалыматына таянып жазып чыкты.

Улуттук чалгындоо кызматтын директору Со Хун «Йонбёне ядролук илимий-изилдөө комплексинде уранды байытуу боюнча иштер Түндүк Корея менен АКШ лидерлеринин саммити алдында да кадимки нукта уланган»,- деп билдиргенин агенттик жазат.

Со Хун билдирген маалымат боюнча Пхеньяндын четиндеги Саным аймагындагы изилдөө борборунда атайын унаалардын кыймылдары көзгө түшкөн. Дал ошол аймакта Түндүк Кореянын бир катар баллистикалык ракеталарынын моделдери өнтүрүлөт. Анын ичинде континенттер аралык «Хвасон-15» ракетасы да бар.

Copyright © 2017 Maral FM