Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Космосбек Чолпонбаевдин кымбат унаасы боюнча чечим чыгарды

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 580 | 0

Бүгүн, 26-февралда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигине алынган кымбат баалуу унааларды натыйжалуу пайдалануу маселеси Өкмөткө тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарынан алыскы райондордо кызмат көрсөтүүгө 6-7 орундуу унаа суралганын, анын ордуна «Тез жардам» унаасын сатып алууну сунуштаганын, бирок тез жардамга башка долбоор менен унаа каралып жатканын билдирди.

Депутат Абдывахаб Нурбаев 6-7 орундуу деп суралган автоунаа «жип унаасына» айланып кеткендигин, медицина тармагындагы кемчиликтерди көрүп-билип туруп, министрдин мындай кадамга баргандыгын сынга алды.

Комитет мүчөлөрү алынып калган кымбат баалуу автоунаанын натыйжалуу пайдалануу жагын Өкмөткө тапшырууну сунуш кылышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM