Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Русгидронун» жетекчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 526 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун табуу тышкы инвестицияларды тартууну жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадына байланыштуу кырдаалды өз ара пайдалуу жөнгө салуу боюнча сүйлөшүлдү.

Мындан сырткары Кыргызстан жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүү жана тармактын экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн гидроэнергетика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM