Биз менен байланышыңыз

«КТРКнын Байкоочу кеңешине көз карандысыз мүчөлөр келиши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2019 | 482 | 0

Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев “Марал” радиосуна берген маегинде КТРКнын байкоочу кеңешине көз карандысыз мүчөлөр келсе, мекеме өнүгөрүн билдирди.

Анын айтымында, байкоочу кеңештин мүчөлөрү Жогорку Кеңештен, президент жана жарандык коом тарабынан көрсөтүлөт. Бирок мунун баары кандайдыр бир деңгээлде көз карандылыкты пайда кылат. Анткени бийлик тутумунан шайланган мүчө бийликке байланыштуу болот.

«Байкоочу кеңештин бюджеттик уюмдар менен иштеген мүчөлөрүнө өзгөчө кысым көрсөтүү сакталып кала берет. Ал эми учурдагы Байкоочу кеңеш биринчи жолу КТРКнын башкы директорун шайлап жатат. Андыктан алар тарыхый миссия жүктөлгөнүн билиши керек. Себеби маселе КТРКнын өлкө аймагына тийгизген таасири тууралуу сөз болуп жатат. Кызыктар тараптардан жылдырылган талапкерлер да бар», — дейт Султанбаев.

Ал буга кошумча КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун телеканалдын маалыматтык саясатын бир тараптуу жүргүзүүсү анын жакшы иштерин жууп кеткенин белгиледи.

Эске салсак, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына башкы директор болом деген 22 киши арыз берген. Алардын ичинен 19ун байкоочу кеңеш талапкер катары аныкталган. Калган үчөөнүн тиешелүү документтери толук болбогондуктан, талапкерликтен четтетилген. Эми 28-февралда катталган талапкерлер программасы менен тааныштырат. Ал эми шайлоо 14-мартта өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM