Биз менен байланышыңыз

«КТРКнын директорлугуна талапкерлердин көпчүлүгү коюлган талаптарга жооп бербейт»

Жөндөмү бар көпчүлүк адамдар шайлоо таза өтөрүнө көзү жетпегендиктен КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигин тапшырган жок. Мындай пикирин КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубатбек Болотканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тандалып алынган 19 талапкердин 80 пайызга жакыны коюлган талаптарга туура келбейт.

«Негизги талапкерлер деп мен эч кимди айта албайм, мен үчүн баары бирдей. Президенттин аппаратынын жетекчиси — маалыматтык саясатты мыкты билген адам. Ал КТРКнын директорун шайлоодо бийликтин кийлигишүүсүнө жол бербейт деп ишенем. Байкоочу кеңеш талапкерлердин программаларын угуп көрүп, туура чечим чыгарууга аракет кылабыз. Бирок КТРКнын жаңы жетекчиси телеканалды коомдук кылып өзгөртө аларына көзүм жетпейт. Балким байкоочу кеңештин курамы башкача түптөлгөндө гана болушу мүмкүн. Жогорку Кеңеш байкоочу кеңешти шайлап коёт дагы барсаң уруша беришет. Алардын өзүнөн: «Силер кимди жөнөттүңөр эле?» деп сураган киши жок», — дейт Болотакунов.

Эске салсак, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына башкы директор болом деген 22 киши арыз берген. Алардын ичинен 19ун байкоочу кеңеш талапкер катары аныкталган. Калган үчөөнүн тиешелүү документтери толук болбогондуктан, талапкерликтен четтетилген. Эми 28-февралда катталган талапкерлер программасы менен тааныштырат. Ал эми шайлоо 14-мартта өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM