Биз менен байланышыңыз

«Байкоочу кеңештин 2-3 мүчөсү гана чындыкты айтат»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 586 | 0

Журналист Төлөгөн Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев байкоочу кеңештин эмгегин жокко чыгарып койгонун билдирди.

«Жекшеев КТРКнын саясатын аныктоодо модератор болуп, жетекчинин отчётторун угуп турса болмок. Бирок бүгүнкү күнү ал КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун айтканын аткарып, байкоочу кеңеш менен эсептешпей койгондой пикир калтырат. Байкоочу кеңештин 2-3 мүчөсү гана чындыкты айтып, бейтарап бололу деп кыйкырып жүрөт. КТРКнын оңдоп-түзөө иштерине катышкан фирмалардын ээлери да байкоочу кеңешке мүчө болуп алган. Мындан улам алар автоматтык түрдө КТРКнын учурдагы директоруна көз каранды болуп калууда«, — дейт Сулайманов.

КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубатбек Болотканов да КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевде чындыгында меселе бар экенин айтты.

«Биз анын тегерегинде кызыл кыргынга түшүп келатабыз. Бирок КТРКнын башкы директору байкоочу кеңешти башкарып жатат деген сөз жок», — дейт Болотканов.

Copyright © 2017 Maral FM