Биз менен байланышыңыз

«КТРКнын директорун шайлоодо 7-кабаттагылар Байкоочу кеңешке кийлигишпеши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 573 | 0

“7-кабатта отургандар» Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директорлугун шайлоодо байкоочу кеңешти ыктыярына коюп, кийлигишпесе, КТРК өз милдетин аткарат.” Мындай пикирин Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлиги КТРКнын байкоочу кеңешине түздөн-түз таасир көрсөтө албайт.

“Буга чейин президентин аппараты байкоочу кеңеш менен түздөн-түз иштешип, ар кандай кеңештерин берип келген. Эми азыркы президенттин аппараты жаңы. Алар коомдо болгон окуяларды байкап, сөз эркиндигине жылуу мамиле жасап жатат. Азыркы аппарат мурдагылардын жолун кайталабаса…” – дейт Султанбаев.

Ал 2014-жылы КТРКнын директорун шайлоого катышкан киши катары шайлоонун процесстерин жакшы билерин белгилейт.

“Мен ошондо Ак үйдөгү таасирдүү бир кишиге КТРКнын байкоочу кеңешине кийлигишпөөсүн айткам. Ал киши “өзүбүздүн тандообузду жасадык, байкоочу кеңешке айтабыз, өзүбүздүн талапкерибизди колдойбуз” деген”, — дейт Султанбаев.

Copyright © 2017 Maral FM