Биз менен байланышыңыз

«Байкоочу кеңеш КТРКнын директорун өз алдынча шайларына көзүм жетпейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 769 | 0

Коомдук телерадиокорпорациясына башкы директорду шайлоодо байкоочу кеңеш бийликке көз карандысыз, өз алдынча чечим чыгарарына көзүм жетпейт. Мындай пикирин КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубатбек Болотканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Азыр бийликтин таасири байкала элек. Бирок менин оюмча, КТРКга директорду шайлоого жакын байкалат», — дейт Болотканов.

Ал буга кошумча, каналдагы көп нерсе жетекчиге байланыштуу экенин белгилейт.

«Коомдук деген статуска жакын жумушту Кубат Оторбаев аткарган. Ал кандай маалымат болбосун экинчи тарабын дагы берчү. Тилекке каршы, Илим Крапбековдун тушунда мындай көрүнүш жоголду. Президенттик шайлоодо кара пиарлар жүрдү. “Белизгейтти” чагылдыруу менен КТРКнын аброю түштү. Карыпбеков көп нерселерге жол берди. Байкоочу кеңештин мүчөсү катары сөз айтыш керек болгон маалда аларды чогулта да албайсың», — дейт Болотканов.

Айта кетсек, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына башкы директор болом деген 22 киши арыз берген. Алардын ичинен 19ун байкоочу кеңеш талапкер катары аныкталган. Эми 28-февралда катталган талапкерлер программасы менен тааныштырат. Ал эми шайлоо 14-мартта өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM