Биз менен байланышыңыз

«КТРКнын Байкоочу кеңешинде эч нерсени түшүнбөгөн мүчөлөр бүгүн да отурат»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 509 | 0

Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын байкоочу кеңешине мүчөлөрдү шайлоодо кылдат карашы керек. Бул тууралуу КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубатбек Болотканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Байкоочу кеңештин телевидениенин табиятынан ат чабым алыс, эмнеге бара жатканын билбеген, эч нерсеге түшүнбөй жетекчиликке керектүү колду көтөрүп берүү үчүн барган мүчөлөрү бүгүн дагы отурат. Бул каналдын Коомдук телерадиокорпорация болуусунда эң негизги ролду ойнойт», — дейт Болотканов.

Анын айтымында, КТРКнын байкоочу кеңеши каналдын майда-чүйдө маселелерине кийлигише албайт. Бирок байкоочу кеңеш — телеканалды тең салмактуулукта сактап туруучу негизги кеңеш.

Copyright © 2017 Maral FM