Биз менен байланышыңыз

«КТРКны коомдук кылууга чечкиндүү аракет көрүлгөн жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 417 | 0

Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев “Марал” радиосуна берген маегинде КТРКнын жетекчисинин эрксиздиги жанан бийликтин катуу таасиринен улам телеканалды коомдук телерадиоберүү корпорацияга айлантуу боюнча чечкиндүү аракеттер жасалбаганын билдирди.

Анын айтымында, мурдагы Улуттук телерадиоберүү корпорациясын коомдукка айлантуу өлкөдө болуп өткөн революциялардын башкы талабы болгон. Бирок бул боюнча ушул кезге чейин КТРКнын байкоочу кеңеши да, аткаруучу директору да, бийлик да чечкиндүү аракеттерди көргөн жок.

“Буга КТРКнын жетекчисинин эрксиздиги жана бийликтин катуу таасири себеп болууда. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзам кабыл алынып, байкоочу кеңеш түзүлгөнү менен мыйзамдын талаптары толук жүзөгө ашырылбай жатат. Анткени мурдагы бийлик тарабынан мекемени башкарууга кийлигишүү болуп келгендиктен ушундай коомдук пикир жаралууда”, — дейт Султанбаев.

Анын белгилегенине караганда, КТРКнын башкы директору бийликтин жардамы менен кызматка келген соң жетекчи алардын айтканын аткарат. Мындан улам коомдо КТРКнын маалымат саясатына болгон нааразычылык жаралууда.

Султанбаев КТРКнын башкы директорлугун шайлоо ар дайым коомчулуктун да, бийликтин да кызыгуусун туудуруп келгенин кошумчалады.

Айта кетсек, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына башкы директор болом деген 22 киши арыз берген. Алардын ичинен 19ун байкоочу кеңеш талапкер катары аныкталган. Эми 28-февралда катталган талапкерлер программасы менен тааныштырат. Ал эми шайлоо 14-мартта өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM