Биз менен байланышыңыз

Интервью берүүдөн качкан саясатчылар көбөйдүбү?

Саясат | 25 Фев 2019 | 152 | 0

Акыркы убактарда журналисттер саясатчы, белгилүү адамдардан интервью алууга аракет кылган мезгилде кайым айтышуулар көп боло баштады. Муну саясат талдоочулар жана медиа эксперттер билдирүүдө. Себеби социалдык тармактарда журналисттерге орой мамиле кылган саясатчылардын видеолору да байма-бай чыгып жатат.  Мындан улам интервью алууда саясатчы жана журналисттин кесипттик этикасына кайрылып көрдүк.

Өткөн аптада депутат Асылбек Жээнбеков менен журналисттердин ортосунда кайым айтышкан видео социалдык тармактарга жарыяланды. Ал видеодо журналисттер эл өкүлүнөн интервью алууга аракет кылган. Бирок Жээнбеков маек берүүдөн баш тартып, акыркы убактарда эч бир массалык маалымат каражаттарына интервью бербей жатканын айткан.

Улуу катары мен силерге айтып жатам го. Сен кайдан болосуң? Тарбия көргөнсүңбү? Тарбия көрсөң кантип мындай мамиле кыласың? Ата-энең барбы?

Бул видео качан тартылганы жөнүндө так маалыматтар жок. Ошондой эле журналист депутатка кандай суроо менен кайрылганы дагы жазылган эмес. Болгону интервью алууга кызыктар болгон тараптын «эл ала албаган жоопту биз алып берели дейбиз» деп айтканга гана жетишкен. Бирок Жээнбеков берилген суроого жооп бербестен, тескерисинче журналистти зекигени байкалып турат.

Ал арада социалдык тармакта Асылбек Жээнбековун журналистке карата жасаган мамилеси сынга алына баштады. Айрымдары депутатты колдошсо, башкалары мамлекеттик кызматкердин кесиптик этикасына туура келбейт дешти.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай мамлекеттик кызматкер журналист кайрылганда интервью берүүгө тийиш экенин билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттен айлык алып иштеген ар бир кызматкердин жумушу журналисттер аркылуу элге көрсөтүлөт. Бирок өлкөдө саясатчылар берилген суроого жооп бербеген учурлар көбөйдү. Бул аракет өздөрүнүн аброюн да түшүрөт.

Тилекке каршы бизде саясатчылар журналисттердин суроолоруна ачык айкын жооп бергенди билишпейт. Эгерде билсе дагы журналисттерден качып кетишет. «No comment» деген 20-кылымдагы жаман, эң таасирлүү сөз. Аны биздин саясатчылар мода кылып алышкан. Ошону үчүн басма сөз каражаттары менен иштөөнү билүү керек. Анткени бийликтегилерди эл шайлады. Алар элди кандай тейлеп жатат деген суроолорго жооп бериши керек. Андан тышкары саясатчыга жеке дагы суроолордун берилиши жакшы көрүнүш катары баалаймын. Ошол маеги аркылуу ага элдин жактыруу же жактырбоо маанайын чыгарып алат. Журналисттерда кесиптик этикасын так билүүгө тийиш.

Көп учурда саясатчылар же мамлекеттик кызматкерлер массалык маалымат каражаттарына өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланышкан чырлуу окуялар же туура эмес аракеттер болгондо жабык болуп калышат. Ал мезгилде журналисттердин так маалыматка жетүүсү кыйынга түшөт. Деген менен кандай жагдай болбосун Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов маалымат каражаттарына дайыма ачык экенин билдирди.

-Мен башка бирөө үчүн жооп бере албаймын, беш кол тең эмес. Бүгүнкү күндө журналистиканын абалы жакшы. Сыйлаймын жана баалаймын. Кээде журналисттер көчөдө кетип баратсаң эле суроолорду берип калышат. Жогорку Кеңеште чоң залда туруп калсаң «Бул ырды ырдап бериңиз же муну кылып бериңиз»,- деп сурап калышат. Бирок ар бир нерсенин өз убагы жана орду бар. Мисалы гимн боюнча суроолорду берип жатат. Канча тилди билесиз деген да суроолорду берип жатышат. Журналистиканы тандап алган инсан өзүнүн кесибин сүйгөн, сыйлаган жана барктаган журналист өзүнүн деңгээлине жараша маек жүргүзөт. Ал эми мен баарына ачыкмын, жашыра турган эч нерсем жок.

Объектив гезитинин редактору Курманбек Мамбетовдун айтымында, журналист каалаган мамлекеттик кызматкерге суроо берип, интервью алганга укугу бар. Ошол эле учурда респондент деле жооп бербей койгонго укуктуу.

-Саясатты жакшы түшүнгөн саясатчы интервью бергенге өзү деле кызыктар болуусу керек. Суроо берилген учурга көңүл буруу керек. Ошол убакта саясатчынын жагдайы башкача болуп калышы мүмкүн. Балким бирөө менен баарлашып жаткандыр. Деген менен жалпылап алганда журналисттердин суроосуна жооп берүүгө тийиш болот.

Деген менен журналисттер кайсы бир саясатчыдан маек алуудан мурун аны ошол жагдайга дарядоо керектигин саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев билдирди.

Анын пикиринде, саясатчылардын интервью берүүдөн качуусуна журналисттердин да тиешеси бар.

-Мамлекеттик кызматкерлердин интервью берүүдөн качуусунун эки себеби бар. Биринчиден, алар массалык маалымат каражаттар менен иштөөнү билбейт жана маани бербейт. Экинчиден, журналист миркафонду одоно жана агрессивдүү маанайда суна коюшуп, жаман көрүнүштөр болуп кетип жатат. Бирок мамлекеттик кызматкерлер маек берүүдөн качпоосу керек. Качышса да маданиятуураак качышса. Журналисттер суроо берерде жагдайды түшүндүрүп, алгач эле провокациялык суроолорду бербесе, саясатчылар деле качпайт.

Мындан тышкары, Кыргызстанда айрым журналисттер макалаларынын мазмунуна же пикирине байланыштуу акчалай айыпка жыгылып, сурак берген учурлар кездешет. Ошол эле учурда учурда журналисттерге 2010-жылга чейинкидей эч кандай кысымдар болгон жок дегендер да бар.

Copyright © 2017 Maral FM