Биз менен байланышыңыз

Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин курамы толукталды

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 629 | 0

Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин курамы толукталды. Бул боюнча аталган кеңештин катчысы Нурипа Муканова билдирди.

Анын айтымында Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин түзүмүнө жарандык сектордон Нурипа Муканова өзү, «Результат» коомдук бирикмесинин жетекчиси  Жылдыз Торалиева, “Кыргызстан Юристери” коомдук бирикмесинин орун басары Жеңишбек Арзыматов жана “Борбор Азиялык коррупцияга каршы күрөшүү институту” коомдук фондунун жетекчиси Эркайым Мамбеталиевалар киришти.

Мындан сырткары Антикоррупциялык кеңештин  түзүмүнө бизнес ишкердик тармагынан Соода- өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Бажы брокерлер бирикмесинин президенти Иван Гелетюк, Кенчилер башкы консулунун президенти Вячеслав Исаев, Базарлар Ассоцациясынын аткаруучу жетекчиси Артур Ташибеков жана Жеткирүүчүлөр Ассоцациясынын президенти Гулнар Ускенбаевалар киришти.

Эске салсак, Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңеш 2015-жылы түзүлгөн, бирок иш жүзүндө иш алып барган эмес. 2018-жылдын декабрында Өкмөт аталган кеңештин ишин кайрадан жандандырууну чечкен.

 

Copyright © 2017 Maral FM