Биз менен байланышыңыз

Муканова: Матраимовдорго чара көрүүгө бийликтин эрки жетпейт

Күн чекит | 3 Июн 2019 | 941 | 0

Өлкөдө орун алып жаткан коррупциялык иштер, андагы элди күттүрүп чыкпай жаткан чечимдер бир топ эле резонанс жаратты. Айталы, 3-июнда коррупцияга каршы митинг болбой калды. Ошондой эле, Матраимовдордун ишине чекит коюлбай келет. Ушул темалардын тегерегинде Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова менен түз эфирден маек курганбыз.

— «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш» аттуу тынчтык митинги болбой калды. Матраимовдордун ишине эмгиче чекит коюла элек. Мындан улам сурайын дегеним, бийликтин коррупцияга каршы саясаты ырааттуу жүрбөй жатабы?

— Бул маанилүү суроо. Биринчиси боюнча айтсам, «Эмне үчүн бийлик бүгүнкү митингден коркту?» — деген суроого такалабыз. Анткени, бул жөн гана тынчтык митинги, чогулган элдин оюн угуу эле болчу да. Ошон үчүн мен ачык эле айта алам, коррупцияны тереңдетип казып, күрөшпөй жатышат. Бул маселе биздин тамырды кысып алган. Балким башкалар күрөшүп жаткандыр, бирок көрүнбөй эле. Терс көрүнүштөрдүн айынан жакшы иштер, таза кадамдар жабылып калып жатат.

— Журналисттик иликтөөнүн чыкканына бир жума өттү. Бирок күч түзүмдөрү, каржы полициясы ынанымдуу жооп бере элек. Иштин аягына чыгарына көзүңүз жетеби? Бийликтин аракети кандай болот?

-Буга чейин деле  резонанс жараткан көп иштер болгон. Бийлик өзү команда берип, «Ушул ишти аягына чыгаргыла», — демейинче, маселенин арты бүдөмүк. Бул кырдаалды токтотууга бийликтин саясий эрки болушу керек. «Биз ушул иштерди жасадык, ачыкка чыгарып жатабыз», — деши кажет. Ошого жараша иштеп, кыймылдоо зарыл. Элдин ишенимин кайрадан алуу абзел. Андай нерселер дээрлик болбой жатпайбы. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгат, ал маалымат жетет, бирок кайра жооп жок. Коомчулук күтүп калууда.

Жарандык коомдун, активисттердин коррупцияга каршы бирдиктүү аракетке өткөнү байкалууда. Бийлик эсептешеби?

— Убакыт келди окшойт. Коом коррупцияга каршы болуп жатат. Демек, алдыда өсүш бар десек болот. Элдин оозун ким тыят? Жемкорлук биздин өзөгүбүзгө жетти. Бала төрөлгөндөн баштап, өлгөнгө чейин — коррупция. Демек бийлик эсептешип, элдин талаптарын аткарышы керек.

— Деги эле коррупция менен ким күрөшүшү керек? УКМКбы, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматыбы, же Финполициябы? Кимисине ишенсек болот?

— Сиз атап өткөн мамлекеттик кызматтардын бирөөсүнө да эл ишенбейт. УКМК же Финполиция коррупция менен күрөшөт деген сөз жомок болуп калды. Өзгөчө —  финполиция. Коомчулукка айтсаң, кадимкидей кол шилтейт. Ал эми УКМК акыркы алты айдан бери ызы-чуунун үстүндө жүргөндүктөн, көбүбүздүн ишенимибизден кетти көрүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM