Биз менен байланышыңыз

Муканова: «Ачык Өкмөттүн» катчылыгын өкмөткө өткөрүп берүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2019 | 522 | 0

Коррупцияга каршы ишкер Кеңештин төрайымы Нурипа Муканова «Марал» радиосуна берген маегинде «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгын өкмөткө өткөрүп берүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, аталган катчылыктын функциясы такталган эмес. Ошондой эле, долбоордун улуттук форумуна демилге киргизген адамдар гана кирип калган. Мындан улам, демилгелерди электен өткөрүү ачык эмес.

«Демилгечилер долбоордун алкагында сунуш киргизүүдө, бирок ал ачык-айкын болбой жатат. Бул процедура ачык болушу керек. Ошол эле учурда, улуттук форум, коалиция да ачык-айкын иш алып барышы зарыл. Мындан сырткары, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), АКШ элчилиги, ЮСАИД жана башка уюмдар каржылаган долбоорлор ачыкка чыгарылышы зарыл. «Ачык Өкмөт» жарандык коом, мамлекеттик орган, эл аралык уюмдар менен биргеликте иштелиши керек. Бирок улуттук форум коалициясыз чечимдерди чыгарып, өкмөт менен иштешип жатат», — дейт Муканова.

Ал «Ачык Өкмөт» тууралуу элде жетиштүү маалымат жок экенин белгиледи.

Муканованын маалыматына ылайык, «Ачык Өкмөт» эл аралык долбоор. Анын максаты санариптештирүү аркылуу мамлекеттик органдарда жүрүп жаткан иштерди ачыкка чыгаруу. Демек, коррупция менен күрөшүүнүн бир механизми болуп саналат.

Кыргызстан долбоорго 2017-жылы кошулган. Ал эл аралык стандарттардын негизинде 2018-жылы ишке киришкен. Эрежеге ылайык, 2020-жылдын августуна чейин «Ачык Өкмөттүн» биринчи этабы бүтүшү керек. Долбоорду колдоо боюнча меморандумга 188 уюм кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM