Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: «Ачык Өкмөттү» иштетип, алдыга жылдыруу зарыл

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 494 | 0

«Ачык Өкмөттө» каралган 11 демилгени иштетүү мамлекеттин колунда. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, демилелердин аткарылышы боюнча жоопкерчилик өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин мойнунда болушу керек. «Ачык Өкмөттү» иштетип, алдыга жылдыруу зарыл. Бул боюнча коомчулукту жеткиликтүү маалымат менен камсыз кылуу абзел.

Демократияга салым катары мамлекет «Ачык Өкмөттү» милдеттүү түрдө ишке ашырышы керек.

«Мамлекеттик эмес уюмдар жазып берген демилгелерди улуттук форум карайт. «Ачык Өкмөт» долбоору баштала электе эле, анын катчылыгы иштеп келген. Катчылык улуттук форумдун астында иштеши керек. Ал жакка кирген кызматкерлерге ЕККУ тарабынан каражат бөлүнүп берилет. Ал акчаны башка багытка колдонуу зарыл.  «Ачык Өкмөттү» жаман көрсөтпөй эле, өкмөттүн аппаратына же мамлекеттик органдарга бериш керек», — дейт Тажыбай.

Copyright © 2017 Maral FM