Биз менен байланышыңыз

«Эл аралык уюмдардын акчасын алып, алардын көзүн карап жүрөбүз»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2019 | 647 | 0

Өкмөт өзүм билемдик кылып, саясий элиталар менен жемкорлукка аралашып, жарандык коомсуз эле чечимдерди чыгарып жатат. «Ачык Өкмөт» долбоору мындай аракеттерге бөгөт коюучу механизм болот. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде

Анын айтымында, эл аралык «Ачык Өкмөт» долбоору — ачык маалымат, бюджет, баарлашуу, мыйзамдар жана мамлекеттик органдар тууралуу маалымат берип, алардын кыймыл-аракетинин натыйжалуулугун баалаган комитет.

Учурда аталган долбоорго 75 мамлекет жана 15 субрегионалдык өлкө кирген.

«Долбоорго каалаган өлкөлөр мүчө боло албайт. Анда сөз эркиндиги, демократия, адам укугунун корголушу каралат. Долбоор ачык маалыматтар менен алдыга жылууга жардам берет. Учурда Кыргызстандан долбоордун 11 демилгеси иштелип жатат. Алардын бири ИИМдин бюджетинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу. Аны 2020-жылга бүтүрүү зарыл. Мамлекеттик органдарда тейлөө боюнча да ачык маалымат болушу керек», — дейт Тажыбай.

Ал буга кошумча, «Ачык Өкмөт» долбоорлорун ЕККУ колдоорун, бирок демилгелер кайсы деңгээлде колдонгону тууралуу маалымат жоктугун айтып, Кыргызстанда эл аралык уюмдар ачык маалымат берүүдөн алыс экенин сынга алды.

«Анткени, биз өлкөдө өзүбүздү кожоюн катары сезбейбиз. Алар акча берсе алып, көздөрүн карап жүрөбүз. Биз мамлекетке өзүбүз кожоюнбуз, андыктан, талап кылышыбыз керек. Азыр каражаттар жөн гана сапырылып кетүүдө. Андыктан, тактоо керек», — дейт Тажыбай.

Copyright © 2017 Maral FM