Биз менен байланышыңыз

Усубалиева: «Ачык Өкмөт» улуттук форуму таркашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2019 | 536 | 0

Люстрация кыймылынын жетекчиси Лира Усубалиева «Марал» радиосуна берген маегинде «Ачык Өкмөт» долбоорунун алкагында түзүлгөн улуттук форум таркашы керектигин билдирди.

Анын айтымында, «Ачык Өкмөт» долбоорунун алкагында түзүлгөн коалиция ачык түрдө кайрадан түзүлүп, төрага, катчылыкты шайлоо укугун колго алуусу зарыл.

«Таза коом», «Ачык өкмөт» долбоорлору кыргыздын жакшы тилегин өз макстына жеткирбей салышты. Алган акчаларды кайра берүү убагы келе жатат. Өкмөткө да ишенбей, коомдук уюмдар бирикмесин түздүк. Ар бир уюм өз алдынча иштесе, эч нерсеге жетишпей турганын билдик. Азыр өзгөрүүгө баралы деп, Президенттик Аппарат менен да жолуктук», — дейт Усубалиева.

Ал буга кошумча, системанын чабалдыгынан кызматка келген жакшы адам да өзгөрүп кетип жатканын айтып, мындан улам система өзгөрсө, коррупциялык иштер болбой турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM