Биз менен байланышыңыз

Муканова: Өкмөттүн коррупцияга каршы кеңеши ачык болот

Күн чекит | 22 Фев 2019 | 1028 | 0

Өкмөттө коррупцияга каршы кеңеш түзүлөт. Учурда демилге коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу өкмөттөн  билдиришти. Ага жарандык коомдон жана эл аралык институттардан, Бизнес ассоциациялардан өкүлдөр бар. Коррупция менен күрөштө Кеңештин орду жана таасири туурасында аталган кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова «Күн чекит» программасында айтып берди.

Марал: Бүгүкү күндө Кыргызстанда коррупцияга каршы иш алып барган структуралар көп. Бул кеңеш алардан эмнеси менен айырмаланды?

Муканова: Сиз айткан структуралардын көбү мамлекеттик болуп саналат. Ал эми жарандык коомдор өз алдынча башка жакта калды. А бирок эки жаатты тең чогулткан бир аянтча жок болчу. Бул кеңештин негизги өзгөчөлүгү бул аянтчада үч тараптын өкүлдөрү кирди. Бизнес, жарандык коом жана өкмөт. Эми мамлекеттик органдардагы коррупциялык иштерге каршы күрөшөбүз. Эл айткан баардык жагдайларга көңүл бурулат. Коррупциялык иштер боюнча атайын сунуш даярдап, өкмөт башчыга беребиз жана аткарылышына көзөмөл кылабыз.

Марал: Мындай кеңеш өкмөттүн алдында буга чейин дагы бар болчу. Бирок иштеп кете алган жок да. Бул жолу да кайталанып калбайбы?

Муканова: Мен 2015-жылы да бул кеңешке ишенгем. Азыр деле ишенип турам. Анткени толук натыйжа чыкпаса дагы элдин үнү өкмөт башчыга жетет. Биз дагы анын аткарылышына толук көз салабыз.

Марал: Бул кеңеш көзкарандыбы? Кимге отчет берет?

Муканова: Бул кеңеш элге отчет берет. Кеңештин башында өкмөт башчы өзү турат. Ал эми калган мүчөлөрдүн саны үч тараптан бирдей жыйналды. Мамлекеттик органда канча болсо, жарандык коомдон дагы ошончо киши кирди. Жалпы 20 кишини түздү. Ошондуктан көз карандысыз деп айта алам.

Марал: Сиздер айткан сунуштарды мамлекеттик органдар эске алгандай механизмдер барбы?

Муканова: Биринчиден кеңеш толук ачык-айкын алып барат. Биз болгон кайрылууларды ачык айтып аягына чыгарабыз.

Марал: Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM