Биз менен байланышыңыз

Венесуэла: Гуайдо алгачкы «президенттик» жарлыгын чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 773 | 0

Венесуэлада өзүн президент деп жарыялаган оппозиция лидери Хуан Гуайдо өзүнүн алгачкы «президенттик» жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Жарлыкты Гуайдо өзүнүн Твиттердеги баракчасынан да жарыялады. Ал өлкөгө гуманитардык жардамдарды берүүнү баштоого уруксат берген документ болуп саналат.

«Өлкөнүн башкы командачысы катары белгиленген тартипте гуманитардык жардамдарды берүүгө уруксат берем. Тиешелүү органдар ушул буйрукка ылайык иш алып барышсын«,-делет документте.

Маалыматтарга ылайык, азык-түлүк жардамдарын таратуу 23-февралда башталат.

Ал арада Николас Мадуронун өкмөтү чет элден келген гуманитардык жардамдарды чек арадан киргизбей, жаап турат. Мадуронун айтымында, жардамдар Венесуэланы бөлүп-жарууну көздөгөн Американын атайын куралы болуп саналат.

Эске салсак, Хуан Гуайдо Америка, Аргентина сыяктуу өлкөлөрдөн топтолгон гумжардамдар коңшу Колумбия менен чектешкен аймакка, Бразилияга жана Кариб аралдарына жеткирилип, ал жерден өлкөгө киргизилерин ачыктаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM