Биз менен байланышыңыз

КСДПда жаңы жумушчу органдар түзүлдү

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 517 | 0

Кыргызстан социал-демократтар партиясында жаңы жумушчу органдары түзүлдү. 18-съездге даярдануу максатында ар кандай багыттар боюнча комитеттер да бекитилди. Бул тууралуу партиядан кабарлашты.

Анда 7 комитет бир Кеңеш түзүү чечими кабыл алынган. Бул туруктуу иштеген жумушчу органдары болмокчу жана анын курамына КСДПнын мүчөлөрү гана эмес, партияда жок активисттер да кире алышат. Партиядагы өзгөрүүлөр боюнча атайын брифинг уюштурулуп, маалымат берилди. Ага мурдагы президент, партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев да катышты. Ал партиянын дайым сакталышына ишенерин айтты.

-Партиябыз өлкөдө демократия болуусу үчүн ар дайым аракет кылып келген. Үй-бүлөлүк башкарууга дайым каршы болдук. Партиянын төрагасы катары бир катар катачылыктарды кетирдим. Кудайга шүгүр, азыр көзүм ачылып, каталарымды түшүндүм. Биздин партияга кошулган жаңы мүчөлөр, текшерүүдөн өткөн, кыйын күндө жаныбызда болгон мурдагы кспчылар партиянын духун сактап калат деп ойлойм, — деди экс-президент.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM