Биз менен байланышыңыз

УКМКнын атынан текшерүү жүргүзгөн «жалган» чекист кармалды

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 530 | 0

Өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеримин деп тааныштырып, мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

20-февралда 1980-жылы туулган М.Н.К. аттууу жаран колго түшүрүлдү. Ал Талас облусундагы №3 жол-эксплуатациялык башкармалыгынын каржылык-чарбалык иштерин текшерип жүргөн. Буга чейин да жасалма документ менен республика боюнча бир катар аймакта мамлекеттик мекемелерге да барганы аныкталды. Шектүү жаран мыйзамсыз текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жабуу үчүн акча талап кылган.

Бул факты бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM