Биз менен байланышыңыз

Жол эрежесин бузгандарга бир да кат жибериле элек

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 624 | 0

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө 12 миң 433 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Ички иштер министиринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында учурда Ички иштер министри жол эрежесин бузуу боюнча протоколдорду түзүп жатат. Бирок бүгүнкү күндө жол эрежесин бузуучуларга бир да кат жибериле элек.

Эске салсак, 18-февралга карата жол эрежесин бузгандар 9,7 миң болгон болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM