Биз менен байланышыңыз

Бразилия: жарылган дамбанын айынан мерт болгондор 170ке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 803 | 0

Бразилиянын Минас-Жерайс штатындагы кырсыктан каза болгондордун саны 170 ке жетти. Ал эми дайынсыздар-139. Бул тууралуу Telesur басылмасы жарыялады.

25-январда жергиликтүү кен казуучу «Вале» компаниясынын кен казгандан чыккан баткак сууларды сактоочу дамбасы көчүп, атып чыккан баткак бүтүндөй шаарды каптап кеткен. Андан шаардык администрация жана турак үйлөр баткак астында калып, көп сандаган жашоочулар дайынсыз жоголгон.

Кырсыкка күнөөлүү делип компаниянын жетекчилигиндеги жана техникалык топтогу жооптуу сегиз кызматкери кармалган.

Жоголгондорду издөө иши азыркы күнгө чейин уланууда.

Эске салсак, Минас-Жерайс штатында буга чейин да кен казган жайдын дамбасы урап кеткен учур катталган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM