Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы имараты ачылды

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 478 | 0

Бүгүн, 20-февралда, Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды. Ачылыш аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ушул мезгилдин аралыгында Кыргызстандын чек арачылары күжүрмөн милдеттериңерди абийирдүүлүк менен аткарып келе жатасыздар. Чек арабыз ишенимдүү корголуп, өлкө ичиндеги коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кошкон салымыңар мактоого татыктуу”, — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Салтанатка катышып жаткан Оруссиянын өкүлдөрүнө кайрылып, алардын жардамын жогору баалаганын жана Оруссия чек ара жаатында гана эмес, аскердик-техникалык кызматташтык, билим берүү, медицина жана миграция тармактарында дагы жардам берип жатканына ыраазычылык билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM