Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Билим-маданият | 20 Фев 2019 | 2124 | 0

18-февралдан тарта Жалпы Республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Эми 11-классты бүтүрүп жаткандар жана Жогорку окуу жайга  тапшырам деген жарандар билдирүүлөрүн калтырса  болот. Ал үчүн мектептеги окуучулар билим берүү мекемелеринен каттоого алынат.  Башка жарандар жашап жаткан жеринен өз арызын бере алат.

Канат Жакыпов учурда Бишкек шаарындагы №84-орто мектебинде 11-класста окуйт. Азыркы тапта жогорку балл алуу үчүн даярдык көрүп жаткан кези.

ЖРТга бир жарым жылдан бери даярданып жатам. Негизги тесттен сырткары англис тилин тандап алдым. Тилди үйрөнгөнүмө быйыл үч жылдын жүзү болду. Келечекте котормочу болгум келет.

Учурда Кыргызстан боюнча Жалпы республикалык тестирлөөгө  каттоо башталганы  тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынар Батракеева  билдирди. Анын айтымында, каттоо акысы кымбаттаган жок. Былтыркы боюнча калтырылды. Анда негизги тест үчүн-320 сом жана  предметтик тестке деле ошол эле каражат талап кылынат.

Азыркы тапта жалпы республика боюнча  Жогорку республикалык тестке каттоо башталып, быйыл ЖРТга каттоо мөөнөтү кененирээк берилди. Тагыраагы 4-апрелге чейин. Бүтүрүүчүлөр жана каалоочулар өздөрүнүн мектептеринен, окуу жайларынан катталышат. Эгерде кимде-ким жогорку билим алам десе, эч кандай чек жок. Каалаган жерден катталууга мүмкүнчүлүгү бар.  Каттоолуу үчүн тиешелүү документтер: Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, бир жыл аралыгында түшкөн эки окшош сүрөт керек. Бирок ЖРТга тестке келээрде сөзсүз түрдө колунда паспорт болушу керек. Эгерде жок болсо, тилекке каршы киргизилбейт.

Быйылкы жылы тестке бир катар өзгөрүүлөр киргени турат. Анда бүтүрүүчүлөр кошумча тест тапшырып  сертификатка ээ боло алат.  Анда бир катар жеңилдетүүлөр каралган. Бул туурасында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова  айтып берди.

-Бизде окуучулардын саны көбүүрөөк болуп жатат. Маалыматыбыз боюнча 60 миңдей окуучу 11-классты бүтүрүүдө. Бирок каттоо бүткөндөн кийин гана так санын бере алабыз. Өзүнчө бир предметтик тест деп киргизсек деп жатабыз. Келечекте ким болгусу келсе ошол багытта тест тапшырып, сертификатка ээ болуп жеңилдетүүгө алса болот. Быйыл “Кыргыз тесттен” биздин окуучулар өз ыктыяры менен биринчи жолу кыргыз тилден тапшырат. Аны менен катар эне тилибиздин деңгээлин билүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаралат.

Буга чейин коомчулукта Жалпы республикалык тестирлөө боюнча билим берүү адистери терс пикирлерин айтып келген. Анткени ЖРТны даярдаган компания акча табууну гана көздөйт дейт Билим берүү министринин мурдагы орун басары Ишенгүл Болжурова. Анын айтымында, ЖРТ боюнча баардык тараптын кызыкчылыгына жараша чечим чыгаруу шарт.

-Мугалимдердин, мектептердин жоопкерчилиги көбөйдүбү азайдыбы? Окуучуларга ушул система туура келеби же жокпу? Мамлекеттик стандарттарга жооп береби? Мына ушунун баарын анализдеп, бир чечимге келишибиз керек. Негизи ЖРТ бул бизнес катары эле болуп калды.

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөө өлкө боюнча 17-майдан 22-майга чейин өткөрүлөт. Агам карата жалпы 130га жакын тест борбору уюштурулмакчы.

Эске салсак, Кыргызстанда Жалпы республикалык тест 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM