Биз менен байланышыңыз

Түркия: абактагылардын балдарына жардам берген 37 аял кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 1146 | 2

Түркияда дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана Кызмат кыймылына тиешеси бар делип камалган адамдардын артында калган аялдарына жана бала-чакасына материалдык жардам көрсөтүүдө делип 37 аял кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

CNN Turk басылмасынын сайтына аталары абакта болгондорго материалдык жардам көрсөтүүдө делип шектелген Ясемин Өренди полис кызматы кантип акмалап жургөнү жана колго түшүргөн операциясы жарыяланды. Анда жаш аял Анкарадагы кафелердин биринде курбулары менен жолугушууга келген жеринен кармалганы көрсөтүлгөн.

Атайын операциянын алкагында кармалган аялдардын сөйкө-шакектеринен бери «олжо» катары тартып алышканы кабарланды.

Бул жагдайды парламенттеги айрым оппозициялык депутаттар жана коомдук активисттер мыйзамсыз деп айыптап чыгышты. Алар күнөө жасап камалгандын жакындары же бала-чакасы анын жазасын тартпасын, ал эми алардын бала-чакасына жардам бергендер эч кандай айыптуу болбосун айтышууда.

Эске салсак, ушундай эле айып менен камалгандардын бала-чакасына тамак жасап берген үчүн 31 жаштагы Гүлсүм Демиржи өткөн жылдын февралында камалып, иши сотто каралбастан төрт ай жаткан соң май айында абакта оорудан улам  көз жумган.

2 пикир

2 пикир

  1. Нуска

    20.02.2019 22:29

    Бул эмне деген шумдук?! Боорукер, диндар башчы да ушундай кылабы? Эрдоган «мен мусулманмын» деген адамдарды жон жерден кыйнап, аларга чон кыянаттык кылып жатат!!! Аллах Озу таразалап, бардыгын ордуна койсун. Эки жуздуулордун, кыянатчылардын бетин тез арада ачып, зулумдук коргон мусулман биртуугандарыбызды кайгыдан куткаркырсын

  2. Алтынбек

    21.02.2019 15:37

    Туркияда Параноя журуп жатат жардам берсен да балееге каласын.Мусулман башкаруучу мусулман окмот дегени менен 70мин мусулман эч куноосу жок эле турмодо сот да болбостон кармалууда алпрдын бала чакасы да ордото таштанды эми аларга жардам бергендер да балееде.Бул бир гана мусулман корунгон эки жуздуулордун гана колунан келе турган иш эмнеге дегенде ушкл убакытка чейин канча динсиз адамдар башкарууга келди бири да мынчалык канкордук корсотподу эле.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM