Биз менен байланышыңыз

Гитлердин пенсиясын азырга чейин алгандар бар

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 801 | 0

Бельгияда азыркы күнгө чейин «Гитлердик пенсияны» алган 27 киши бар. Алар ошол кездеги Германия-Үчүнчү рейхтин аскерлери болушкан. Бул тууралуу «De Morgen» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, пенсиянын өлчөмү 425-1275 еврону түзөт. Бул аларга Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик армиянын катарында согушуп, «берилгендик, каармандык жана баш ийгендиктери» үчүн түздөн-түз Адольф Гитлер тарабынан белгиленген.

Бул жагдай Бельгиянын парламентинин тынчын алды. Депутаттар мындан кабардар болбогонун, пенсия үчүн тиешелүү салыктар бир да жолу казынага келип түшпөгөнүнүн себебине кызыгышты. Алар фашисттик-улутчул режимдин алигүнчө уланып жатканын токтотууну дипломатиялык жол менен жөнгө салуу керектигин айтып чыгышты.

Бирок азыркы Германия Үчүнчү рейхтин мыйзамдуу мураскери болгон үчүн анын пенсиялык саясатын да улантууга тийиш.

Эске салсак, фашисттик Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан жеңилген соң анын жүргүзгөн саясаты бардык мамлекеттерде жектелип, баш тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM