Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Ирригацияны өнүктүрүү программасы баткендиктер үчүн маанилүү

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 434 | 0

«Мамлекеттик ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында жаӊыдан өздөштүрүлчү жалпы 65 миӊ гектар жердин 30 миӊ гектары, же 46 пайызы Баткен областына тиешелүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы 2017-2026-жылдарга карата бекитилген программа боюнча 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилип, 1600 гектар жердин мелиоративдүү абалы жакшырганын белгиледи.

Программаны ишке ашырууда долбоорлор 3 топко бөлүнгөн. Биринчи топтогу 17 ирригациялык объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Экинчи топтогу 14 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат.

Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында 18 млрд. сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот. Калган 3-топтогу 12 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM