Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эне тил күнүнө карата илимий-тажрыйбалык конференция өтөт

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 692 | 0

Эл аралык эне тил күнүнө карата «Мамлекеттик тил санариптештирүү доорунда» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция 20-21-февралда өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага Президентик Аппараттын, Өкмөттүк Аппараттын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Конференциянын жүрүшүндө «Санариптештирүү – Кыргызстандын келечеги», «Жасалма интеллект жана кыргыз тили»,  «Жаңы маалымат технологияларындагы мамлекеттик тилдин абалы», «Кыргыз тилин компьютерлештирүү» ж.б.  темаларда баяндар угулат.

Аталган иш-чара И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чоң жыйындар залында өткөрүлөт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM