Биз менен байланышыңыз

Улуттук тил комиссиясы макалалар сынагын жарыялады

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 507 | 0

«Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы макалалар сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сынак «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулууда.

«Бул сынак мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө тилдин ролун, маанисин ачып берип, аны коомчулукка жеткирүү үчүн жарыяланды. Анын дагы башка максаты — эне тилин өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жолдорун издөө, элдин мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу жана тилди өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткандарды даңазалоо болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, аталган темадагы макаланы бардык каалоочулар жазса болот. Анын санына жана көлөмүнө чектөө коюлбайт.

Сынак 15-октябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды. Толук маалымат алам дегендер 0312 31-57-73, 0550 15-74-53 номерлерине чалып же аталган комиссиянын расмий сайтынан билсе болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM