Биз менен байланышыңыз

Орус экономикасы санкциялардан улам 6 млрд доллар жоготту

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 833 | 0

Орусиялык экспортчулар Батыштын экономикалык санкцияларынан улам 6 миллиард 300 миллион доллар жоготушту. Бул тууралуу Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин баяндамасына таянуу менен Сentralasian сайты билдирди.

Маалыматка ылайык,  орус товарларына 25 жолу чектөө киргизүү менен Европа Биримдиги алдынкы орунга чыкканы белгиленет. Экинчи орунда Украина (22), үчүнчү катарда Индия (16) турат. АКШ бешилтикке кирген эмес: өлкө Орусияга карата 9 жолу санкция киргизген.

Ошол эле маалда АКШнын санкциялары орусиялык экспортчуларга 1,1 миллиард доллар каржылык чыгым келтирген. Европа биримдигинин чектөөлөрү эки жарым миллиардга жакын зыян алып келген.

Металлургия тармагы дээрлик 4 миллиард доллар, айыл чарба тармагы 1 миллиард доллар жоготкон.

2018-жылдын жыйынтыгы менен бардыгы болуп 62 өлкө орус товарларына карата санкция киргизген, чектөө чараларынын жалпы саны – 159.

Copyright © 2017 Maral FM