Биз менен байланышыңыз

Канадада 170 жүк ташуучу менен митинг өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 661 | 0

Канаданын борбору Оттава шаарын көздөй 170 жүк ташуучу унаага толгон кишилер жолго чыгышты. Алар өкмөткө нааразылык билдирүүнү коздөшүүдө. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, митингчилер жаңы кабыл алынган эки мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришет. Ал мыйзамдар ишканалар үчүн өндүрүштөн бөлүп чыгарган таштанды үчүн кошумча салык киргизип, энергосектордогу мунайды танкер менен ташып кирүүгө жана чыгууга тыюу салат.

Мындан сырткары нааразылык акциясынын катышуучулары жакында БУУ менен Канада бийлиги жетишкен миграция боюнча макулдашууга да каршылыгын билдиришет. Алардын айтымында чек араны БУУ эмес, канадалыктар көзөмөлдөшү шарт.

Кошумчаласак, мындай массалык митинг Оттаванын маанилү бөлүгүндөгү жолдорду жаап салышы ыктымал. Буга байланыштуу өкмөт улуттук парламенттин тегерегиндеги бир нече унаа жолду колдонууга жапты.

Copyright © 2017 Maral FM