Биз менен байланышыңыз

Масалиев өзү сунуштаган мыйзамга каршы добуш бергенин түшүндүрдү

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Фев 2019 | 1156 | 0

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Алгач мыйзамдан 12 беренени алып салуу сунушталып жаткан. Бирок талкуу учурунда бир нече өзгөртүүлөр сунушталды. Мыйзам долбоору добушка коюлганда депутат Исхак Масалиев каршы добушун берди. Мунун себебин эл өкүлү «Марал» радиосуна берген маегинде айтып берди.

Анын айтымында, депутат Курманкул Зулушев экөөсү сунуштаган мыйзам долбоордо экс-президенттин кол тийбестигин жокко чыгаруу каралган. Президенттик кызматты тапшыргандан кийин адамда эч кандай кол тийбестик болбоосу керек. Бирок экинчи окууда бир депутаттын сунушу менен ал берене башкача жазылып калды. Тескерисинче, кол тийбестик алынбай экс-президентти жоопко тартуунун оорлошкон жол-жоболору киргизилди.

-Башка өзгөртүүлөргө макул болсом дагы менин оюма туура келбеген толуктоолорго макул болгон жокмун.

Айта кетсек, президенттин кол тийбестигин алып салууу боюнча мыйзамга өзгөртүүнү киргизүүнү депутат Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев сунуштаган.

Эл өкүлдөрү тарабынан сунушталган мыйзам үчүнчү окууда колдоого алынса, анда экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле экс-президентке жана анын жакындарына мамлекет эсебинен кам көрүү чектелет.

Copyright © 2017 Maral FM