Биз менен байланышыңыз

Ажылардын кийим тигүүчү ишкер тандалды

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 507 | 0

2019-жылдагы ажылардын кийимин тигүүчү ишкер аныкталды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ажылардын кийимин тигүүчүлөр ортосунда өткөн конкурска 13 талапкер ат салышып, бардык талапка жооп бергендиги үчүн жеке ишкер Тилегина Юлиянын ишенимдүү өкүлү Аликжанова Айкөлдү татыктуу деп табышып, форма тигүү милдетин жүктөштү.

Конкурстун жүрүшүндө ажылардын кийиминин тигилишине коюлган наркка, кездеменин курамына жана сапаттуулугуна, дизайнына, өңү-түсүнө, коопсуздук белгилерине, ыңгайлуулугу боюнча коюлган талаптарга карап тандап алышкан.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанга 5485 квота бөлүнгөн. Авиабилеттин наркы 1550 доллар.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM