Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу зарыл

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 511 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

« Көп жылдардан бери биринчи жолу жолдордогу кырдаал кардиналдуу түрдө өзгөрүп, ал эми жол эрежелерин бузуулардын саны кыскара баштады. Айдоочулук маданият дагы өзгөрүүдө. Айдоочулардын көпчүлүгү жол инфраструктурасында келип чыккан ыңгайсыздыктарга жана жол тыгындарына карабастан, жол кыймылынын эрежелерин сактоого аракеттенишүүдө», — деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, жол кыймылын оптимизациялоо жана жакшыртуу, ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумун камсыздоо үчүн аны терең талдоо зарыл.

Кеңешменин аягында Абылгазиев жол кыймылын тыкыр талдоону жана кырдаалды жакшыртуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

Эске салсак, долбоор ишке киргизилген учурдан баштап 9700дөн ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталган, алардын жарымы тастыкталган.

Copyright © 2017 Maral FM