Биз менен байланышыңыз

Акыркы бир суткада 900 сириялык мекенине кайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 692 | 0

Акыркы бир суткада Сирияга 900 жаран кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Качкындарды тосуп алуу жана камсыздоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, келгендердин басымдуу бөлүгү Иордания менен Ливияга качып баргандар. Алардын 800ү Иордания менен чектешкен өтмөктөн киришкен.

Ал эми акыркы суткада Сириянын ичинде журт которгондордон 40 киши өз турак-жайына кайтып келген.

Эске салсак, 2011-жылы башталган жарандык согуштун айынан миллиондогон жаран өлкөдөн качып чыккан. Алардын эң көбү 3 миллион чамалуу киши Түркияда баш калкалоодо. Өлкөдөгү согуш солгундап, башкаруу бир колго өткөндөн тарта качкын сириялыктар мекенине кайта башташты.

Copyright © 2017 Maral FM