Биз менен байланышыңыз

Трамп: Европа Сириядагы террористтерин албаса, бошотуп жиберебиз

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 746 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Европаны Сирияда ИШИМ террордук тобуна кошулуп жүргөн согушкерлерин кайтарып албаса, бошотуп жиберерин эскертти.

Ал өзүнүн Твиттер баракчасаныан:

«Биз Франция, Англия жана Германия сыяктуу европалык союздаштарды Сириядагы согушкерлерин алып кетип, жоопкерчиликке тартышын талап кылабыз. Болбосо, биз аларды бошотуп, кое берүүгө аргасыз болобуз. «Ислам мамлекети» жок болуу алдында турат»,-деп билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Сирияда 800 чамалуу европалык согушкер кармалган.

Бирок аталган өлкөлөрдөн Франция гана аларды кайтарып алып, сотко тартууну кабыл алса, калгандары ИШИМге кошулгандар жарандыктан чыгаруу же түздөн-түз террорист деп жарыялоо чечимин чыгарышкан.

Эске салсак, эки апта мурун АКШ баштаган коалиция күчтөрү тарабынан Сириядагы террордук топтун акыркы калдыктарын жок кылуу операциясы башталган. Алардын көпчүлүгү чет элдик жарандар экени маалым болгон.

Copyright © 2017 Maral FM